Үркүн: мемориалдын жерин кайтаргыла

0
1037

26.06.2015 жарыяланды

Бишкекте 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарынын элесине арнап тарыхый эстелик орнотуу үчүн бөлүнгөн жерге мемориал тургузуу талабын койгон жарандык акция өттү. Кечээ кечинде шаардын «Түштүк дарбазасында» 100гө жакын адам чогулуп, 1916-жылды символдоштуруп туура 7ден 16 мүнөт өткөндө кол кармашып 16 мүнөт турушту. Муну менен алар бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганын айтышты. 1993-жылы өкмөт «Ашар» кыймылына «Орто-Сай» бакчасында мемориалдык комплекс ачуу үчүн 2,5 гектар жер бөлүп берген. Бирок ошондон бери иш дээрлик жылбай турат. Болгону бир эстелик таш орнотулуп, анын тегерегине түрдүү кафе-ресторандар ачылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.